Бугу 12, 2024
Убакыт: 16:42
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Улукбек Марипов Эр-Рияд шаарындагы кыргыздар менен жолугушту

19.02.2022 21:26
534
Улукбек Марипов Эр-Рияд шаарындагы кыргыздар менен жолугушту

Кыргызстандвн Сауд Аравиясындагы элчиси Эр-Рияд шаарында жашаган Кыргызстандын жарандары жана студенттери менен жолугушту. Бул тууралуу Элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, жолугушуу жылуу маанайда өтүп, ал жерде жарандарыбыздын арасында жаралып жаткан актуалдуу маселелер көтөрүлдү. Марипов бардык суроолорго, анын ичинде окууга тийиштүү документтерди даярдоо жана Сауд Аравияда иштөөгө уруксат берүү эрежелери боюнча жооп берди.


Улукбек Марипов Сауд Аравиясында окуп жана иштеп жаткан Кыргызстандын жарандары үчүн кошумча ыңгайлуу шарттарды түзүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр экенин кошумчалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн