Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 11:53
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Улукбек Марипов «IT Expo Connect.KG» иш-чарасынын ачылыш аземине катышты

16.03.2021 10:02
475
Улукбек Марипов «IT Expo Connect.KG» иш-чарасынын ачылыш аземине катышты

2021-жылдын 15-мартында КР премьер-министри У.А.Марипов, КР тышкы иштер министринин биринчи орун басары Н.Ниязалиев, АКШнын КРдагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Д.Лу, Япониянын КРдагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси С.Маэда жана Улуу Британиянын КРдагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси К.Гарреттин катышуусунда видеоконференция форматында биринчи «IT Expo Connect.KG» иш-чарасынын ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сз кызматы билдирди.


Премьер-министр У.Марипов өзүнүн куттуктоо сөзүндө Кыргызстандагы IT-индустриясынын өсүп келе жаткан потенциалын белгилеп, эл аралык катышуучуларды Кыргызстандын IT сектору менен жигердүү кызматташууга чакырды. Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсү КР өкмөтүнүн күн тартибиндеги артыкчылыктуу багыт экендигин белгилеп, IT тармагын өнүктүрүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымдады.

КР тышкы иштер министринин биринчи орун басары Н.Ниязалиев IT-индустриясын өнүктүрүү жана IT кызматтарын экспорттоону күчөтүү COVID-19дун кесепеттеринен кийин өлкө экономикасын калыбына келтирүү үчүн өбөлгө болот деп белгиледи. Ага кошумча ал программалык камсыздоолордун жана кызматтардын иштеп чыгуучуларынын, ошондой эле чет өлкөдө дүйнө жүзүнө белгилүү компанияларда бийиктиктерди багындырган мекендештерибиздин жана демилгелердин ийгиликтүү мисалдарын белгиледи.

Технологиялар жана инновациялар кыргызстандыктарга жана жергиликтүү бизнеске глобалдык рынокто атаандаштыкка туруштук берүүгө өбөлгө түзүп, Кыргызстан алардын аркасынан дүйнөлүк экономикада татыктуу орунду ээлейт деген ишеничин билдирди. Ошол эле учурда ал бул иш-чараны жыл сайын өткөрүп турууну сунуштады.

Ошондой эле, IT Expo иш-чарасынын ачылыш күнүндө АКШнын, Япониянын жана Улуу Британиянын КРдагы дипломатиялык миссияларынын башчылары куттуктоо сөздөрүн жолдоп, бул иш-чараны өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешип, ушул жумада онлайн режиминде өтүүчү иш-чаралар Кыргызстандагы IT/стартап-компанияларга тажрыйба алмашуу жана бизнес-аутсорсинг боюнча дүйнөнүн алдыңкы компаниялары менен кызматташтык түзүүгө мүмкүндүк берет деп үмүт артышты.

Белгилей кетсек, «IT Expo Connect.KG» ушул жылдын 15-19-март күндөрү өтөт. Expo жергиликтүү жана эл аралык катышуучуларды Hi-Tech Park, БААУ, Ololo House жана Кыргызстандагы Борбордук Азия Университетинен түз эфирде көрсөтүлө турчу Виртуалдык панелге жана B2B сессияларына катышууга чакырат. Facebook, Amazon Web Services UK, Cambridge Partnership, Dell, LinkedIn, SAP, Juniper Networks, SeeRem, Clarity Movement Co., EPEM, Nokia, FabLab Bishkek жана EGISтин эл аралык өкүлдөрү, башка тармактык адистер менен катар, санарип маркетинг, электрондук соода жана санариптик трансформация боюнча вебинарларды өткөрүшөт.
Тилек Мамутов (Outtalent), Эсен Ниязов (Peaksoft) жана Никита Рыжих (FitJab) баш болгон ийгиликтүү кыргызстандык технология ишкерлери АКШдагы жана эл аралык рыноктогу тажрыйбалары менен бөлүшүп, IT-инженерлерине жана программисттерине кеңеш беришет.

Маалымат үчүн:
IT Expo USAID жана башка эл аралык жана жергиликтүү өнөктөштөр тарабынан өткөрүүлүдө.

B2B секциялары төмөнкү багыттар боюнча өткөрүлөт:
- бизнес чечимдер;
- IT билим берүү жана дистанттык окутуу;
- финансылык технологиялар;
- электрондук коммерция;
- санариптик саламаттыкты сактоо, илим жана туризм;
- электрондук башкаруу, санариптик трансформация;
- ачык/электрондук өкмөт;
- Кыргызстандагы жаңы технологиялар ж.б.

Иш-чаранын негизги максаты - натыйжалуу аянтчаны түзүү түрүндө конкреттүү натыйжаларга жетишүү, бул өз кезегинде Кыргыз Республикасынын IT тармагына зарыл эл аралык көңүлдү бурууга, ошондой эле иштеп жаткан жана келечектеги IT компанияларга чет элдик инвестицияларды тартууга шарт түзөт жана Кыргызстандын IT компаниялары менен АКШнын, Улуу Британиянын, Европа Биримдигинин, Япониянын жана Түштүк Кореянын алдыңкы IT компаниялары ортосундагы экономикалык шериктештикти алга жылдырат, экономиканы стимулдаштырууга, жумуш орундарын түзүүгө жана кыргыз жаштарынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө мүмкүндүк берет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн