Бугу 02, 2024
Убакыт: 19:24
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Улукбек Марипов Лейлек районунда селдин кесепеттерин тез арада жоюуну тапшырды

22.07.2021 07:09
345
Улукбек Марипов Лейлек районунда селдин кесепеттерин тез арада жоюуну тапшырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов жумушчу сапарынын жүрүшүндө Баткен районундагы селден жабыркаган бир катар айылдарга барды. Анда Марипов Лейлек районунун Катран айылына барып, өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюунун жүрүшү менен таанышты.


Министрлер кабинетинен маалымдашкандай, өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу иштери күчөтүлгөн режимде жүргүзүлүп, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кошумча күчтөрү тартылды. Таанышуунун жүрүшүндө Марипов жашоо үчүн кооптуу аймактардан тургундарды көчүрүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырды.


"Табият кырсыгы – тилсиз жоо. Биз кырсык качан кайталанарын күтүп отурбастан, мындан ары курмандыктарга жол бербешибиз керек. Жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте тургундарды кооптуу тилкелерден көчүрүү маселесин тездетүү зарыл. 2018-жылы көчүрүү процесси башталып, жер тилкелери жана курулуш материалдары бөлүнгөн. Бирок түшүндүрүү иштери начар уюштурулгандыктан, тургундар кооптуу тилкелерде жашап кала берген. Жергиликтүү тургундар арасында көчүрүү зарылдыгы тууралуу түшүндүрүү иштерин активдештирүү керек", – деп белгиледи Улукбек Марипов.

Президент тарабынан республиканын аймактарындагы табият кырсыгынын алдын алуу боюнча иш-чаралар жыйындысын күчөтүү тапшырмасы берилген.

"Негизгиси – селден Катран айылынын тургундары каза болгон жок. Зыяндын көлөмү бааланган соң ырааттуу түрдө бардык жабыркагандарга тийиштүү жардам көрсөтүлөт", – деди Улукбек Марипов.


Белгилей кетсек, Лейлек районунун Катран айылында жүргөн селден улам 28 турак жайга зыян келтирилген. Баткен облусунун Лейлек районунда жалпысынан 93 турак үй зыянга учураган.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн