Бугу 20, 2024
Убакыт: 13:03
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Улукбек Марипов Медина шаарындагы мекендештер менен жолугушту

06.05.2022 13:22
382
Улукбек Марипов Медина шаарындагы мекендештер менен жолугушту

Кыргызстандын Сауд Арабия Падышалыгындагы элчиси Улукбек Мариповдун Медина шаарында жашаган КР жарандары жана студенттери менен жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, жолугушууда элчи Марипов жарандарга КР президенти жана министрлер кабинети тарабынан Кыргызстандын социалдык-экономикалык абалын өнүктүрүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар, ошондой эле билим берүү жана жаштарды колдоо боюнча мамлекеттик саясат тууралуу маалымат берди.


Ошондой эле КР президенти тарабынан Тышкы иштер министрлигинин жана чет өлкөлүк мекемелеринин алдына коюлган Кыргызстандын жарандарынын чет өлкөлөрдө укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча милдеттер тууралуу айтып берди.


Жолугушуунун жүрүшүндө элчи жарандардын жана студенттердин бардык суроолоруна, анын ичинде билим берүү тууралуу документтер боюнча жооп берди.


Марипов Сауд Арабиясында окуп жана иштеп жаткан КР жарандары үчүн кошумча ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирип, аларды элчилик уюштурган ар кандай иш-чараларга активдүү катышууга чакырды.


Ошондой эле ажылыкты уюштуруу учурундагы көйгөйлөр менен таанышуу максатында элчи Мариповдун кыргызстандык зыяратчылар жана ажылык сапарды уюштуруучу КР компанияларынын өкүлдөрү менен өзүнчө жолугушуулары болуп өттү.


Маалымат үчүн: Сауд Арабиянын аймагында Кыргызстандын 600гө жакын жараны жашайт, алардын 230дан ашууну студенттер жана алардын үй-бүлөлөрү. Студенттердин негизги бөлүгү Меккедеги белгилүү “Умм аль-Кура”, Мадинадагы “Ислам университети”, Эр-Рияддагы “Малик” жана “Имам” университеттеринде билим алышат.


 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн