Бугу 09, 2024
Убакыт: 10:04
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Улукбек Марипов Мекке шаарында расмий кабыл алуу иш-чарасына катышты

03.07.2023 12:12
315
Улукбек Марипов Мекке шаарында расмий кабыл алуу иш-чарасына катышты


Кыргызстандын Сауд Аравиядагы элчиси Улукбек Марипов Мекке шаарында Сауд Аравиянын Падышасы Улуу Даражалуу Салман бин Абдулазиз Аль Сауддун атынан уюштурулган расмий кабыл алууга катышты. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.

Бул жогорку деңгээлдеги иш-чара чет мамлекеттердин жетекчилеринин жана жогорку даражалуу өкүлдөрүнүн, дипломатиялык миссиялардын башчыларынын, белгилүү ислам ишмерлеринин жана илимпоздорунун, ошондой эле ажылык сапарын уюштуруу боюнча делегация башчыларынын катышуусунда өттү.

Кабыл алуунун жүрүшүндө элчи Марипов Сауд Аравиянын Мураскер Ханзаадасы жана премьер-министри Улуу Даражалуу Мухаммад бин Салман Аль Сауд менен жолугушуп, Сауд Аравиянын жетекчилигин жана элин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун атынан Курман айт майрамы менен куттуктады.

Ошондой эле, республиканын жетекчилигинин атынан ажылыктын жогорку деңгээлде уюштурулгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Марипов Меккеге болгон иш сапарынын алкагында кыргызстандык зыяратчылар жана ажылык сапарын уюштуруу боюнча республикалык штабдын мүчөлөрү менен жолугушууларды өткөрүп, аларга түзүлгөн шарттар менен таанышты.

Жолугушууда кыргызстандык зыяратчылар Кыргызстандын жетекчилигине жана ажылык сапарды уюштуруучуларга ыраазычылыктарын билдиришти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн