Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 17:48
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Улукбек Марипов Ноокаттын талкаланган жолун оңдоо иштерин жеке көзөмөлүнө алды

19.04.2021 10:27
811
Улукбек Марипов Ноокаттын талкаланган жолун оңдоо иштерин жеке көзөмөлүнө алды

«Эл аралык маанидеги жолдорду жакшыртуу» долбоору Ош-Баткен-Исфана жолунун транвспорттук потенциалын жана коопсуздугун жогорулатууга, ошондой эле Бишкек-Ош жол тилкесиндеги жаратылыш кырсыктарынын тобокелдигин кыскартууга багытталган.


Белгилесек, долбоор Ош, Жалал-Абад облустарында ишке ашырылат жана эки компонентти карайт:

1) Ош-Баткен-Исфана автожол тилкесин реабилитациялоо, 28-75 км (47 км);

2) Бишкек-Ош жол тилкесиндеги жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу.

Учурда Central Consultant консультациялык компаниясы тарабынан подрядчик тандоо жана курулушту көзөмөлдөө үчүн долбоордук-сметалык документтерди, тендердик документтерди даярдоо иштери жүрүүдө. Коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу аталган долбоорду ишке ашырууда айрым кармалуулар болгон.

Жакын арада тендердик документтерди макулдашуу процесси жыйынтыкталып, подрядчикти тандоо башталат. Үстүбүздөгү жылдын сентябрь-октябрь айына карата подрядчик тандалып, куруу иштери башталат.

Белгилей кетсек, долбоордун ишке ашырылышы Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Мариповдун жеке көзмөлүндө турат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн