Бугу 20, 2024
Убакыт: 10:04
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Улукбек Марипов Сауд Аравиядагы ишкерлерге Кыргызстандын бизнес потенциалы тууралуу айтып берди

16.02.2022 22:07
606
Улукбек Марипов Сауд Аравиядагы ишкерлерге Кыргызстандын бизнес потенциалы тууралуу айтып берди

Кыргызстандын Сауд Аравиясындагы элчиси Улукбек Марипов Эр-Рияд шаарынын Соода-өнөр жай палатасынын тарабынан уюштурулган “Соода жана инвестициялык Форумга” катышты. Бул тууралуу Улукбек Марипов билдирди.


Марипов форумдун катышуучулары үчүн Кыргызстандын соода-экономикалык жана инвестициялык долбоорлору жана ошондой эле туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берди. Кыргызстан жөнүндө презентация Сауд Аравиянын бизнес чөйрөсүндө чоң кызыгууну жаратты.


Мындан тышкары, Улукбек Марипов Ислам өнүктүрүү банкынын, Сауд өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү, Сауд Аравиянын Соода-өнөр жай палаталар федерациясынын төрагасы, ошондой эле бир катар компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушту.


Биз эки өлкөнүн ортосундагы өз ара пайдалуу бизнес жана инвестициялык кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн талкууладык.


Белгилей кетсек, КР Президенти жана Министрлер Кабинетинин жетекчилиги өлкөдөгү жагымдуу бизнес чөйрөсүн түзүү үчүн инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча жигердүү иштерди жүргүзүп жатат.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн