Бугу 09, 2024
Убакыт: 09:32
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Улукбек Марипов Сауд Аравиянын падышасына ишеним грамотасын тапшырды

21.09.2022 14:02
265
Улукбек Марипов Сауд Аравиянын падышасына ишеним грамотасын тапшырды


Кыргызстандын Сауд Аравиядагы элчиси Улукбек Марипов Эки Ыйык Мечиттин Сакчысы, Сауд Аравиясынын падышасы Салман бин Абдулазиз Аль Саудга ишеним грамотасын тапшырды. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.


Элчи Марипов Сауд Аравия падышасына Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун саламын жана жакшы каалоолорун айтты.


Дипломатиялык миссиясы учурунда элчи Марипов кыргыз-сауд мамилесин мындан ары да чыңдоого бардык күч-аракетин жумшай тургандыгына ишендирди.


Падыша Салман бин Абдулазиз Аль Сауд Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго терең урмат-сыйын билдирип, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, элчи Улукбек Мариповго дипломатиялык миссиясында ийгиликтерди каалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн