Бугу 20, 2024
Убакыт: 12:26
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Улукбек Марипов Сауд Аравиясына бизнес форумга катышуу үчүн барган ишкерлер менен жолугушту

01.03.2022 10:33
485
Улукбек Марипов Сауд Аравиясына бизнес форумга катышуу үчүн барган ишкерлер менен жолугушту

Кыргызстандын Сауд Аравиясындагы элчиси Улукбек Марипов Бизнес-форумга жана көргөзмө-жарманкеге катышуу үчүн Сауд Аравиясына келген биздин ишкерлер менен жолукту. Бул тууралуу элчиликтин маалымат кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, Сауд Аравиясында кыргыз экономикасынын ар кыл тармактарына салымын кошо ала турган көптөгөн компаниялар бар. Жолугушууда потенциалдуу делген инвесторлор үчүн Кыргызстандын артыкчылыктары жөнүндө жана буга чейин биргеликте ишке ашырган долбоорлор жөнүндө маалымат берип тура турган атайын платформа түзүү сунушу киргизилди. Ушуну менен бирге, “Кыргыз-Сауд Бизнес Кеңешин” түзүү жана Сауд Аравиянын рыногунда кыргыз продукциясынын “Соода үйүн” ачуу маселелерин талкууланды.


Улукбек Марипов белгилегендей, КРнын Инвестициялар жана өнүктүрүү агенттиги менен бирге Сауд Аравиянын ири холдингдерин жана компанияларын Кыргызстандын тамак-аш өнөр жайы, энергетика жана анын кайра жаралуучу булактары, айыл чарба, туризм тармактарына тартууга даяр.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн