Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 13:22
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Улукбек Марипов «Сосновка» пунктуна күтүүсүз барып коррупциялык иштерге күбө болду

11.06.2021 20:47
1183
Улукбек Марипов «Сосновка» пунктуна күтүүсүз барып коррупциялык иштерге күбө болду

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Чүй облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө «Сосновка» транспорттук көзөмөл пунктунун ишин пландан тышкары текшерди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.


Министрлер Кабинетинин башчысы транспорттук көзөмөл пунктунун жана салмак көлөмдүк контроль тутумунун иши менен таанышты. 


«Маалыматтык тутум көрсөткөндөй, эртең мененки саат 8ден тарта 29 унаа өткөн, бирок 17 унаа гана каттоого алынган. Салмак көлөмдүк контроль тутуму иштебейт. Биз транспорт каражаттарынын кыймылынын ачыктыгын жана толук эсепке алынышын камсыздоо максатында транспорттук көзөмөл пункттарындагы автоматташтырылган маалыматтык тутумдун толук кандуу иш алып баруусуна жетишүүбүз керек», - деди Улукбек Марипов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн