Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 03:52
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Улукбек Марипов Төрт-Гүл суу сактагычынын каналы боюнча эмне деди?

08.02.2021 09:03
639
Улукбек Марипов Төрт-Гүл суу сактагычынын каналы боюнча эмне деди?

Премьер-министр Улукбек Марипов  Төрт-Гүл суу сактагычынын каналына байланыштуу пикирин айтты. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кайрылганда билдирди.


"Мен акыркы убактарда айрым күчтөр туура эмес багытка бурушту.  Баткен облусунун Ак-Сай айылынын Кайырма каналы тууралуу пкиримди башка нукта бурмалашты. Учурда Төрт-Гүл суу сактагычы боюнча бир канча маселе каралып жатат. Баткен облусунун Ак-Сай айылынын тургундары менин оюмду жакшы түшүнөт. Мен өзүм дагы Баткенде иштеп, жашап келгем. Эли күжүрмөн, чек арада чеп болуп жашап келишет. Абдан кыйын эле. Чек ара маселеси боюнча дагы президент баш болуп бул багытта жакшы иштерди баштайбыз. Жакында коңшу мамлекеттер менен бир канча маселелер чечилди. Казакстандын Алматы шаарында өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катыштым. Ал учурдан пайдаланып Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин, Россия Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолуктум. Бир канча маселени талкуулап, өлкөнүн пайдасына чечилди десем болот. Буюрса жакшы пландар ишке ашат деген ойдомун",- деди премьер-министр.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн