Бугу 09, 2024
Убакыт: 09:05
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Улукбек Марипов Жалал-Абад шаарындагы «Бахрейн» социалдык комплексинин курулушу менен таанышты

12.03.2021 21:04
515
Улукбек Марипов Жалал-Абад шаарындагы «Бахрейн» социалдык комплексинин курулушу менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов «Ассанабил» эл аралык кайрымдуулук фонду тарабынан курулуп жаткан Жалал-Абад шаарындагы «Бахрейн» социалдык комплексинин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.


«Биздин өлкөдө жөн гана турак үйлөр салынбастан, ушул сыяктуу комплекстердин салынып жатканы кубандырат. Комплекс калктын социалдык аярлуу катмарына эсептелгенин өзүнчө белгилеп кетким келет. Курулуш аяктаган соң чындыгында муктаж болгон жарандар үйлүү болушат деп ишенем. Өкмөт өз тарабынан Жалал-Абад шаарынын мэриясы аркылуу инфратүзүмдүк суроолорду чечүүгө бардык зарыл жардамын көрсөтөт», - деди Улукбек Марипов. 


Аянты 1,5 га болгон анча чоң эмес шаарчада 6 көп кабаттуу үйдүн, медициналык жана маданий борборлордун курулушу пландалууда. Комплексте ошондой эле мектеп, тигүүчү цех, спорттук зал, бала бакча жана башка социалдык объектилер болот. Курулуш жана жасалгалоо иштерине бир жылга жакын убакыт каралууда.


Белгилей кетүүчү нерсе, курулуш аяктагандан кийин социалдык объект толук бойдон Жалал-Абад шаарынын мэриясынын балансына өтөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн