Бугу 20, 2024
Убакыт: 13:28
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Улукбек Марипов Жерүй алтын кенине барды

30.07.2021 14:12
524
Улукбек Марипов Жерүй алтын кенине барды

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Талас облусуна жумушчу сапарынын алкагында Жерүй кениндеги Талас алтын комбинатынын иши менен таанышты.


Анда «Алтын Альянс» компаниясынын кызматкерлери алтындын электролизи жана эритүү процессин көрсөтүштү, натыйжада 25 кг ашуун алтын куймасы алынды.


Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө 1086 кг алтын өндүрүлүп, баалуу металлдарды сатып алуунун артыкчылыктуу укугуна ылайык, 940 кг тазаланган алтын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан сатылган. Жыл аягына чейин 2300 кг алтын өндүрүү пландалууда.


Улукбек Марипов ошондой эле калдык сактоочу жайдын абалын текшерди. Ал белгилегендей, министрлер кабинети үчүн экологиялык коопсуздук маселеси артыкчылыктуу саналат жана өзгөчө көзөмөлдө турат.


Алтын Альянс» компаниясы маалымдагандай, калдык сактоочу жайга коюлган калдыктардын коопсуздугун камсыздалып жана кенди иштетүүдө эл аралык экологиялык талаптар толугу менен сакаталат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн