Премьер-министр Улукбек Марипов азырынча коронавируска каршы эмдөөдөн өтпөйт. Бул тууралуу өкмөттөн билдирди.
Белгилүү болгондой, Марипов буга чейин коронавирус менен ооруп айыккан.
"Премьер-министр эң биринчи вирусту жугузуп алуу коркунучу бар зонадагы кызматкерлер биринчилерден болуп эмдөөдөн өтүшү керек деп эсептейт. Эң биринчи эмделиши керек болгон жарандар эмдөөдөн өткөндөн кийин өкмөт башчы кезеги келсе коронавируска каршы эмдөөдөн өтөт",- деп билдирди өкмөттөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн