Бугу 20, 2024
Убакыт: 10:03
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Улукбек Марипов бюджеттин киреше бөлүгүн колдоого алууну талкуулады

23.06.2021 19:43
842
Улукбек Марипов бюджеттин киреше бөлүгүн колдоого алууну талкуулады

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов өлкөбүздүн республикалык бюжетинин киреше бөлүгүнүн аткарылышы боюнча кеңешме өткөрдү.


Мамлекеттик органдардын жетекчилери салык жана салык эмес төлөмдөрдүн, бажы жана камсыздандыруу жыйымдарынын түшүүлөрү боюнча маалымат беришти.


Кеңешменин жүрүшүндө бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу колдоого багытталган иш-чараларды жүзөгө ашыруунун абалы да каралды.


Министрлер Кабинетинин башчысы бюджеттин киреше бөлүгүнүн бекитилген пландык көрсөткүчтөрүн өз убагында жана сапаттуу аткаруу зарылдыгын эскертти.


“Бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу боюнча иштер эң жогорку денгээлде жүргүзүлүшү кажет. Үстүбүздөгү жылда күтүлбөгөн чыгымдоолордун орун алышы бюджетке кошумча жүк артты. Ошондуктан, мамлекеттик профилдүү органдардын ар бир жетекчиси өз деңгээлинде мыйзамда каралган зарыл иш-чараларды, анын ичинде бизнести көлөкөдөн чыгаруу, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү боюнча аракеттерди жүргүзүүсү милдет”, – деп айтты ал.


Улукбек Марипов мамлекет тарабынан кепилденген бардык социалдык төлөмдөр өз убагында жана толук көлөмдө жүргүзүлөрүн белгиледи.


Кеңешменин жыйынтыгы боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар, анын ичинде салык жана бажы жол-жоболорун санариптештирүү боюнча тапшырмалар берилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн