Чын курандын 23, 2024
Убакыт: 18:50
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Улукбек Марипов ээрге түз олтура албай жатабы?

19.02.2021 13:45
1595
Улукбек Марипов ээрге түз олтура албай жатабы?


Кыргызда баштаганда эле сөзүнөн жаңылган же ишеним жаратпаган башчыны "Баштаганда эле ээрге кыйшык отурду" деп так баа берип коюшчу. Аны сыңарындай ээрге отура электе эле Улугбек үкамин: "Талаштуу тилкелер тажик тарапка өтүп кеткен. Ал гана эмес Төрткүл суу сактагычынын башын да тажиктерге алдырыппыз" - деген сөзү коомчулукта дүрбөлөң жаратты.


18-февралда оор операциядан кайткан, бирок үйүнө барбай Баткенге барган Камчы үкам: "Төрткүл суу сактагычына тийешелүү, суу сактагычтын башындагы жерлер эч кандай Тажикстанга өткөн эмес, ал жерлер биздики" - деп элге агынан жарылды.


Камчыке кесе айткан жообу менен өкмөт башчы Улугбек Мариповдун Төрткүлгө байланыштуу айтканын төгүндөп салды.


Бул бир эле мисал. Эң жаманы кыргыздын "Ээрге кыйшык отурду" деген сөзү көп жерден оркоюп көрүнүп, эл билбейт десе да билинип калып жатпайбы! Ошондуктан ээрге түз отургулачы байболгурлар!

 

Кыяз Молдокасымов, тарыхчы

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн