Бугу 20, 2024
Убакыт: 16:16
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Улукбек Марипов эмне үчүн санариптик өнүктүрүү министрлиги түзүлгөнүн түшүндүрдү

07.05.2021 13:07
823
Улукбек Марипов эмне үчүн санариптик өнүктүрүү министрлиги түзүлгөнүн түшүндүрдү

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов КР Санариптик өнүктүрүү министрлигинин жамаатына жаңы жетекчини – Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — санариптик өнүктүрүү министри Азамат Дыйканбаевди тааныштырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. 


"Санариптештирүү маселеси жаңы Министрлер кабинетинин ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат. Санариптештирүү боюнча милдеттерди натыйжалуу чечүү, бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук форматка өткөрүү максатында Санариптик өнүктүрүү министрлигин түзүү чечими кабыл алынган. Биздин милдет – тиричиликтин бардык тармагын, мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдары менен саламаттык сактоо, билим берүү, туризм, транспорт, курулуш, тейлөө көрсөтүү тармагынын өз-ара аракеттешүүсүн санариптештирүү процесси менен камтуу болуп саналат. 

Мамлекеттик ишканалардын түзүмүн өзгөртүүдө IT-эксперттерди максималдуу сактоо милдети коюлду. Ишканалардын административдик аппаратына тийиштүү айтсак, бюджетти үнөмдөө максатында кайталанма функциялар гана кыскартылат",- деп билдирди Марипов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн