Базарда өсүмдүк майынын баасы 163 пайызга чейин кымбаттады. Бул тууралуу Улукбек Марипов түз эфирде билдирди.
"Мен өзүм тез-тез базарга азык-түлүктүн баасын билип туруу үчүн барып турам. Айрыкча өсүмдүк майы менен этке болгон баа өсүп кетти. Азыр Айыл чарба министрлиги тарабына жарманкелер өткөрүлүп жатат. Бирок бул жетиштүү эмес. Мен өсүмдүк майын өзүбүздө өндүрүүнү сунуштап жатам. 85% импорт менен келет. Ошондуктан жок деген 50% өзүбүз өндүрсөк майга болго баа түшөт эле",- деди Марипов.
Пикирлер (2)