Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 12:07
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Улукбек Марипов иш сапары менен Бахрейнге барды

31.05.2023 13:15
335
Улукбек Марипов иш сапары менен Бахрейнге барды


Резиденциясы Эр-Рияд шаарындагы Кыргызстандын Бахрейн Падышалыгындагы элчиси Улукбек Марипов иш сапары менен Бахрейнге барды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Сапардын алкагында элчи Мариповду Бахрейн Падышалыгынын мураскер ханзаадасы, премьер-министри жана Куралдуу Күчтөрүнүн башкы колбашчысынын орун басары Салман бин Хамад Аль Халифа кабыл алды.

Жолугушууда Марипов Бахрейн Падышасы Хамад бин Иса Аль Халифага жана Бахрейн элине президент Садыр Жапаровдун саламын жана жылуу каалоолорун жолдоду.

Ошондой эле элчи Бахрейндин мураскер ханзаадасына кыргыз-бахрейн мамилелерин өнүктүрүүнүн конкреттүү багыттарын, ошондой эле эки дос өлкөнүн ар түрдүү тармактардагы ар тараптуу жана жемиштүү кызматташтыгын кеңейтүү боюнча сунуштарды камтыган министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун атайын кайрылуусун тапшырды.

Тараптар эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу багыттарын жана алардын түрдүү тармактардагы өнүгүү келечегин талкуулашты. Биргелешкен иш-чараларды өткөрүүгө, анын ичинде бийик жана жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштурууга, ошондой эле соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүнүн натыйжалуу механизмдерин түзүүгө өзгөчө басым жасалды.

Жолугушуунун соңунда мураскер ханзаада Салман бин Хамад Аль Халифа Кыргызстандын өкмөтүнө жана элине эң жакшы каалоолорун жолдоду.

Элчи Марипов министрлер кабинетинин төрагасы А.Жапаровдун атынан Салман бин Хамад Аль Халифаны каалаган ыңгайлуу учурда Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн