Бугу 20, 2024
Убакыт: 10:04
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Улукбек Марипов кыргыз-сауд соода жана инвестициялык кызматташтыкты талкуулады

12.05.2022 13:34
976
Улукбек Марипов кыргыз-сауд соода жана инвестициялык кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан Сауд Аравиясындагы элчиси Улукбек Марипов Сауд Аравиянын Инвестициялар министринин орун басары Мохаммед Аль-Хассна жана Саудиялык компанияларды алдыга жылдыруу, чет өлкөлөрдөгү долбоорлор менен иштөө Дирекциясынын жетекчиси Нассер Алакил менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтин маалымат кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, эки тарап соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыктын учурдагы абалын жана өнүгүү келечегин талкуулап, тиешелүү ведомстволордун ортосунда өз ара иш сапарларды уюштурууга, Сауд Аравиянын компанияларынын Кыргызстандагы инвестициялык долбоорлорго катышуусуна, туризм жана ишкердик байланыштарды өнүктүрүү, өз ара жарманкелерди жана көргөзмөлөрдү өткөрүү, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы түз үзгүлтүксүз авиакаттамдарды ачуунун маанилүүлүгүнө басым жасады.


Ошондой эле Кыргызстандын элчиси соода-экономикалык жана инвестициялык долбоорлорун жана туристтик мүмкүнчүлүктөрүн тааныштыруу үчүн Сауд Аравиянын бизнес-коомчулугу менен жолугушууларды өткөрүүгө даяр экенин билдирди.


Белгилей кетсек,  2022-жылдын экинчи жарымында Кыргызстанда кезектеги кыргыз-сауд бизнес форуму жогорку деңгээлде өткөрүлөт.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн