Бугу 20, 2024
Убакыт: 10:04
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Улукбек Марипов кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады

20.07.2021 11:10
909
Улукбек Марипов кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.


Төмөндө Мариповдун куттуктоосу: 


Урматтуу мекендештер, КР Министрлер Кабинетинин жана жеке өзүмдүн атымдан бардык мекендештерди Курман айт майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм!


Курман айт майрамы кылымдар бою майрамдалып келет жана терең руханий маңызга ээ.


Ушул майрам күнү ар бир момун мусулман колунан келген жакшы иш-аракетин жасашы шарт. Жакшы амалдарыбыз адамгерчилик сапаттарыбызды арттырып, ак ниеттүүлүк, жакындарыбызга мээримдүү болуу, бири-бирибизге жардам колун сунуу адамзаттын негизги парзы экендигин дагы бир ирет эске салат.


Ушул ыйык майрам күнү ар бирибиз жакындарыбыз менен дасторкон үстүндө чогулуп гана тим болбостон, муктаж адамдарга жардам колубузду сунуу керектигин эстен чыгарбасак. Кыйынчылыкта калган адамдардын жанынан басып өтүп кетүү мүмкүн эмес. Бири-бирибизге мээримдүү мамиле кылсак, жалпыбызга анын берекеси кайтат.


Бүгүн ата-энелерибизден кабар алып, көзү өтүп кеткен жакындарыбыздын элесин жакшы сөз менен эскерип, куран чыгарабыз. Бардыгыбыз бул дүйнөгө бир келген конокпуз. Ар бир учурду, күндү текке кетирбестен, бири-бирибизге сый-урмат мамиледе бололу!


Кымбаттуу мекендештер, ушул майрам күнү жалпы мекендештерге, бардык дин конфессия өкүлдөрүнө чың ден-соолук, тынчтык, бакубат жашоо жана өлкөбүздүн өнүгүп-өсүүсүн каалайм!



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн