Бугу 20, 2024
Убакыт: 23:49
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Улукбек Марипов кыргызстандыктарды мамлекеттик туу күнү менен куттуктады

03.03.2021 13:11
728
Улукбек Марипов кыргызстандыктарды мамлекеттик туу күнү менен куттуктады

Премьер-министр Улукбек Марипов кыргызстандыктарды Мамлекеттик туу күнү менен куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Төмөндө куттуктоо тексти:

«Урматтуу мекендештер! Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан баарыңыздарды Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун күнү менен куттуктайм.

Герб жана гимн менен катар Мамлекеттик туу биздин өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн символдорунун бири болуп саналат.

Мамлекеттик туунун майрамы өзүндө патриоттуулуктун жана мекенге болгон чыныгы сүйүүнүн рухун камтып, маанилүү күндөрдүн календарында ардактуу орунду ээлеп калды.

Мамлекеттик туу – бул өлкөнүн ар бир жаранынын сыймыгы жана биздин спортчулар мелдештерде жеңишке жетип, Кыргыз Республикасынын гимни жаңырып, биздин туу менен пьедесталга көтөрүлүп жаткандагы адамдардын сезимдерин жана эмоцияларын сөз менен жеткирүү мүмкүн эмес.

Сиздерге чың ден соолук, тынчтык жана бакубат жашоо каалайбыз!»

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Туусу бар коз каранды карызга баткан олкону куттукташтан мурун елди качан ойлойсунар