Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 19:34
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Улукбек Марипов коронавируска каршы эмдөөнү тездетүүнү тапшырды

14.06.2021 16:07
819
Улукбек Марипов коронавируска каршы эмдөөнү тездетүүнү тапшырды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча кеңешме өткөрдү.  Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.


Министрлер Кабинетинин башчысы белгилегендей, COVID-19 илдетинин саны өсүп жаткандыгына байланыштуу кырдаал тийиштүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын ишин күчөтүүнү талап кылууда.


«Түзүлүп жаткан кырдаал олуттуу кооптонууларды пайда кылууда. Биз өткөн жылдагыдай каатчылыкка жол бербешибиз керек. Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда эпидемиологиялык абалды кармап туруу жана турукташтыруу  боюнча ишти күчтөндүрүү зарыл. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги калкка тийиштүү медициналык-санитардык көмөк көрсөтүү, коронавирус инфекциясына чалдыккан бейтаптарды дарылоо үчүн стационардык мекемелердеги негизги жана резервдик орундардын, ошондой эле дары-дармектердин  жетиштүү өлчөмүн камсыздоо маселесин өзгөчө көзөмөлдө кармоосу тийиш», - деди ал. 

Улукбек Марипов коронавирус инфекциясына каршы вакциналарды жеткирүү жана вакцинациялоо темптерин ыкчамдатуу боюнча ишти тездетүү зарыл экендигин баса белгиледи. 

«Жакын арада өлкөгө Sinopharm вакцинасынын 150 миң дозасы жана «Спутник V» вакцинасынын 80 миң дозасы  келет. Тармактык мамлекеттик органдар өлкөгө вакциналардын өз учурунда жеткирилишин камсыздоо маселесин үзгүлтүксүз көзөмөлдөп туруусу тийиш. Биз үчүн калкты вакцинациялоо темпин жогорулатуу абдан маанилүү», - деди ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн