Тогуздун айы 06, 2024
Убакыт: 21:18
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Улукбек Марипов күйүүчү майдын кымбатташын дүйнөлүк процесске байлады

03.03.2021 15:26
499
Улукбек Марипов күйүүчү майдын кымбатташын дүйнөлүк процесске байлады

Премьер-министр Улукбек Марипов өзүнүн фейсбуктагы баракчасы аркылуу түз эфирге чыгып, өлкөдөгү күйүүчү-майлоочу майларга болгон баанын өсүшү боюнча түшүндүрмө берди.


Анын айтымында, дүйнөлүк масштабда нефтинин баасы өсүп, 67 долларга жетип калды.


"Чийки нефть 31%га жогорулады. Россиянын өзүндө дагы кымбаттап жатат. Өкмөт колдон келген аракетин жасайт. Өзгөчө жазгы талаа иштери башталууда, дизель майы менен дыйкандарыбызды камсыздашыбыз керек. Нефтетрейдерлер ассоциациясынын өкүлдөрү менен жыйын өткөрдүм. Эки күн мурун токтомго кол койдум. Ага ылайык, мунайды жана мунай продуктуларын ЕАЭБ аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга убактылуу тыюу салынды", - дейт премьер.


Ошондой эле Марипов Кыргызстандагы дары-дармекке болгон баа жеке көзөмөлгө алынарын белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн