Премьер-министр Улукбек Марипов Баткенде эл менен жолугушуп, Төрт-Күл суу сактагычына байланыштуу айткан сөзүнө түшүндүрмө берди.
"Мени сындай бергиле, бирок мен күйгөндүктөн чындыкты айттым, "Головнойго" менчелик күйгөн киши жок. Аны эч качан тажиктерге берип койбойбуз",- деди Марипов.
Эске салсак, Өкмөт башчы парламентте чек ара райондорундагы көйгөйлөр тууралуу айтып жатып каналдын башын коңшу өлкөгө "алдырганын" айткан. Мындан улам анын билдирүүсү коомчулукта чоң талкуу жаратып, Баткендин жергиликтүү тургундары түшүндүрмө талап кылышкан болчу.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн