Бугу 20, 2024
Убакыт: 10:47
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Улукбек Марипов "Пирад" саунасында кыздар менен чартаңбай тептиби?

01.07.2021 16:06
976
Улукбек Марипов "Пирад" саунасында кыздар менен чартаңбай тептиби?

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов соңку убакта катуу чарчап жүрөбү, айтор, жакында катуу чардаганы жашыруун маалымат катары бизге жетти. Эмесе, бул боюнча өзүнө суроо салалы.


- Улукбек мырза, 20-июнь, дем алыш күнү «Пирад» саунасына тымызын барып, көңүл ачканыңыз ыраспы? Аябай шаттуу маанайда чардаганыңыз УКМКнын күзөт кызматына чейин билинсе, таң калгандарды туйдуңузбу? Улам-улам «керме каштарды» алдырып, жипке тизген шурудай эле тандаганыңызды, калчаганыңызды моюнга аласызбы? Жогорку даражадагы кызматта туруп, көпкөн коммерсанттардын деңгээлинде шапар тептиңизби? Кандай баа берсек болот? Сиздин көшөгө артындагы деңгээлиңиз ушундай пас беле?


Ток этерине келсек, мындай «ысык» кабарды суроо иретинде берүүгө туура келди. Шибегени капка ката албайсыӊ», «Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт» деген макалдарды эстеп, тикелей өзүңүзгө коңгуроо кагып турган чагыбыз.


Булак: Азия News гезити

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Арси.
Барса баргандыр, эс алса эс алгандыр анын эмнеси бар экен эми. Ушул Азия Ньюс деген жеткен ушакчы, катындардан бетер кочо созун коп суйлойт. Журналист деген журналисттей болуш керек, ар нерсени тантырай бербей жалжайып.