Бугу 12, 2024
Убакыт: 15:00
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Улукбек Марипов шайлоочуларды жарандык активдүүлүктү көрсөтүп, аң-сезимдүү тандоо кылууга чакырды

09.04.2021 16:39
764
Улукбек Марипов шайлоочуларды жарандык активдүүлүктү көрсөтүп, аң-сезимдүү тандоо кылууга чакырды

Премьер-министр Улукбек Марипов жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого жана референдумга даярдык көрүү жана аны өткөрүүдө уюштуруу-техникалык маселелерин чечүүдө шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча Республикалык штабдын кезектеги кеңешмесин өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.


«Тийиштүү мамлекеттик органдар, жергиликтүү бийлик органдары Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы менен биргеликте 11-апрелдеги шайлоо процессинин жогорку деңгээлде уюштурулушун жана өткөрүлүшүн камсыздоосу керек. Шайлоо ачык-айкын өтүшү керек. Мурда кетирилген кемчиликтер кайталанбашы тийиш. Ушул күнү коомдук коопсуздук камсыздалып, шайлоо участокторунда электр жарыгы жана интернет өчүрүлбөшү керек. Эпидемиологиялык абалды эске алуу менен санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо, орнотулган эрежелерди жана ченемдерди сактоо боюнча ишти күчтөндүрүүнү өтүнөм. Тийиштүү мамлекеттик органдар мыйзам бузуу фактылары боюнча ыкчам жооп кайтарып, тийиштүү чараларды кабыл алуусу зарыл. Жарандардын добуш берүсү үчүн бардык шарттар түзүлүшү тийиш», - деди Улукбек Марипов жана мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына бир катар тапшырмаларды берди.

Өкмөт башчы баса белгилегендей, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өкүлдөрү шайлоо процессине кийлигишпеши керек, административдик ресурсту пайдаланууга жол берилбеши тийиш.

Премьер-министр Улукбек Марипов мекендештерди 11-апрелде жарандык активдүүлүктү көрсөтүп, аң-сезимдүү тандоо кылууга чакырды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн