Премьер-министр Улукбек Марипов Жогорку окуу жайлардын студенттеринин окуу акысы боюнча пикирин айтты. Бул тууралуу премьер-министр түз эфирде билдирди.
"Өкмөт студенттердин контракттары боюнча маселени карайт. Туура, студенттердин айрымдары азыркыга чейин онлайн форматта окуп жатат. Министрлик менен ректорлор болгону 1000 сомдой жеңилдик көрсөтүптүр. Мен буга макул эмесмин. Кайрадан маселени карайбыз", - деди Марипов.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн