Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 22:41
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Улукбек Марипов түрк ишкерлерди Кыргызстанда түрдүү тармакка инвестиция жасоого чакырды

10.09.2021 14:36
912
Улукбек Марипов түрк ишкерлерди Кыргызстанда түрдүү тармакка инвестиция жасоого чакырды

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов жана Түркия Республикасынын вице-президенти Фуат Октай Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын X кеңешмесинин алкагында түрк бизнесмендери менен консультативдик жолугушууга катышты. Буол тууралуу КР министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.


Жолугушууга 30 ашуун бизнесмен катышып, анда эки өлкөнүн ишкер чөйрөсү ортосундагы өз-ара пайдалуу кызматташтыкты чыңдоо жана Кыргыз Республикасында жаңы биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.


Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов инвесторлор үчүн түзүлүп жаткан шарттар жана өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун арттыруу боюнча чаралар тууралуу айтып берди.


«Түркия Республикасы – Кыргыз Республикасынын негизги соода жана инвестициялык өнөктөшү. Бүгүнкү күндө биздин өлкө Түркия Республикасы менен ар кыл тармактарда мамилелерибизди өнүктүрүү жана бекемдөө үчүн максималдуу күч-аракетти жумшоого даяр», – деп белгиледи Улукбек Марипов.


Министрлер кабинетинин төрагасы маалымдагандай, Кыргыз Республикасынын президенти тарабынан өлкөдөгү жагымдуу инвестициялык климатты түзүүгө багытталган бир катар маанилүү чечимдер кабыл алынган. Атап айтканда, 2022-жылга чейин ишкерлик субъектилерин текшерүүгө мораторий узартылган, Антикоррупциялык ишкерлик кеңеш түзүлгөн. Мындан тышкары, менчикти коргоого алуу жана ишкерлерди, инвесторлорду колдоого алуу жөнүндө документ кабыл алынган.


Түрк бизнесмендери, анын катарында биздин өлкөдө көптөгөн жылдар бою иштеген бизнесмендер инвестициялык кызматташтык боюнча өз идеялары менен бөлүшүп, ошондой эле республикадагы ишкерликти жүргүзүү боюнча актуалдуу маселелерди көтөрүштү.


Министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов түрк компанияларын Кыргыз Республикасына, өзгөчө энергетика, өнөр-жай, айыл чарба, туризм, тоо-кен жана саламаттык сактоо сыякттуу экономиканын артыкчылыктуу тармактарына инвестициялоого чакырды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн