Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 06:46
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Улукбек Марипов уурдалып өлтүрүлгөн кыздын өлүмү боюнча тиешелүү органдарга катуу эскертти

08.04.2021 07:38
1434
Улукбек Марипов уурдалып өлтүрүлгөн кыздын өлүмү боюнча тиешелүү органдарга катуу эскертти

Бишкек шаарында күч колдонуп 27 жаштагы кызды ала качып, кийин кыздын жана ала качууга шектүүнүн биринин жансыз денеси унаадан табылган үрөй учурган окуя тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов билдирүү таратты.


"Никеге туруу максатында күч колдонуп ала качуу бул - мыйзам чегинде катуу жаза берилүүчү кылмыш. Бул адамдын укугуна каршы келе турган иш жана ага эч кандай актоо жок. Мен ата катары, эркек катары жана башкысы адам катары Айзаданын кейиштүү окуясын терең кайгыруу менен кабыл алдым. Бул жалпыбыздын оор кайгыбыз болуп калды. Кыздын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Бул кылмышка күнөөкөрлөр адилеттүү жана катуу жаза алышат. Аялдардын укугун тебелеп-тепсегендерге бардыгыбыз чогуу күрөшкөндө гана каршылык көрсөтө алабыз. Ала качуу бул - салт эмес, бул мыйзам чегинде жоопко тартыла турган кылмыш. Биз муну бардык жарандарга жеткиришибиз керек", - деп жазылган билдирүүдө.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Анара Чекирова
АДАМ өлтүргөнгө "ӨЛҮМ" жазасы болуусу керек! Ар бир жаран "колу менен кылган ишти, мойну менен тартышы керек!" Байкасаңыз баары КАЙДЫГЕР! КАЙДЫГЕРЛИК жакшылыка алып келбеси баарыбызга маалым! "ӨЛҮМ" жазасы киргизилсин -деген пикирдемин!