Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 17:58
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Улукбек Марипов жана өкмөттүн мүчөлөрү элди кабыл ала баштайт

22.02.2021 14:56
591
Улукбек Марипов жана өкмөттүн мүчөлөрү элди кабыл ала баштайт

Өкмөт Улукбек Марипов жана анын орун басарлары элди кабыл алат. Бул тууралуу буйрукка Марипов кол койгон.


Аталган буйрукта апрель айынын ортосуна чейинки график аныкталган. Аткаруу бийлигинин башчыларына кирүү үчүн өкмөттүн коомдук кабылдамасына кайрылыш керек. Ал Өкмөт үйүнүн  батыш тарабында жайгашкан. Маалымат алуу үчүн телефондор: (0312) 62-53-85, 62-50-20.


Премьер-министр Улукбек Марипов жарандарды 9, 23-мартта жана 6-апрелде кабыл алат

 Биринчи вице-премьер Артем Новиков 3, 17, 31-мартта жана 14-апрелде кабыл алат

 Вице-премьер рангындагы экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков 4, 18-мартта жана 1, 15-апрелде маселе менен келгендерди кабыл алат

 Кайрылууну каалагандар өкмөттүн аппаратынын жетекчиси Жеңиш Асанкуловдун 2, 16-марттагы жана 6-апрелдеги кабылдамасына да жазылса болот.

Өкмөттүн жетекчилери жарандарды аталган күндөрү саат 17:00дөн 19:00гө чейин министрлер кабинетинин имаратынын биринчи кабатындагы №24 кабинетте кабыл алат. Документте муктаждык жаралса министрлер да чакырылары айтылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн