Бүгүн, 25-мартта Ташкен шаарынын Ислам Каримов атындагы эл аралык аэропортунда Кыргызстандын премьер-министри Улукбек Мариповду Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов тосуп алды.
Жумуш сапарынын алкагында Улукбек Марипов эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу кызматташуу боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын IX жыйынына катышат.
Ошондой эле Ташкент шаарындагы бир катар өнөр жай объектилеринин иши менен таанышуу жана эки тараптуу кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиянын отурумунун жыйынтыгында документтерге кол коюу каралган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн