Премьер-министрликке сунушталып жаткан Улукбек Мариповдун атасы, Ноокат райондук ооруканасынын башчысы Асамидин Марипов өзүнө карата айтылган айыптарга Turmush басылмасына жооп бергенин аталган агенттик жазып чыкты. Марипов дарыгерлердин формаларын сатпаганын, бул маалыматты тараткандар аны далилдеп беришин талап кылган.
“Иш кылганыңды көрбөй эле бекер отуруп алышып, интрига жаратышат экен. Эгер форма сатканым чын болсо далилдешсин. Далилдей алышпаса мыйзам алдында жооп беришсин. Оорукананын кызыл зонасына кирген дарыгерлерге күн сайын атайын кол коюп, эсептеп форма киргизип жаттык. Ал эми үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда, ФАПтарда сатып алыштыбы-жокпу ага жооп бербейм”, - деген ал.
Пикирлер (4)