Бүгүн Жогорку Кеңештин имаратынын алдында жаңы өкмөт башчы Улукбек Мариповдун өкмөт башчы болуп дайындалышына каршы митинг өтүп жатат. Топтолгондордун саны болжол менен 40 адамга чукулдады.
Топтолгондор "Марипов кетсин!", "Депутаттар кетсин!", "Кадр маселсинде реформа болсун!" деген ураандар менен турат. Алар кадр маселесин чечүүдө соодалашуу жүрүп жатат деп эсептей турганын айтышууда. Акцияга чыккандардын арасында Садыр Жапаровдун активдүү жактоочусу Бакай Кашкарбаев бар.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн