Бугу 20, 2024
Убакыт: 15:11
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Улукбек Мариповдун өмүр баяны, баскан жолу

01.02.2021 12:02
1008
Улукбек Мариповдун өмүр баяны, баскан жолу

Премьер-министрликке  көрсөтүлүп жаткан Улукбек Мариповдун өмүр баяны.


Улукбек Марипов 1979-жылы, 30-августта  Ош облусунун Ноокат районунун, Кыргыз-Ата айылында туулган.

Ош мамлекеттик университетинин жана Ош техникалык институтунун юридикалык жана финансы кредит бөлүмүн бүтүргөн.


Эмгек жолу:

1997-2001-жж: Кызыл-Кетмен айыл чарбасынын жетекчиси.

2001-2002-жж: Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жетектөөчү адиси.

2002-2003 - Каржы министрлигинин алдындагы Кирешелер боюнча комитеттин төрагасынын жардамчысы.

2003-2005 - Баткен облусунун губернаторунун башчысынын жардамчысы.

2005-2006 - Жогорку Кеңештин депутатынын консультанты.

2006-2008 - Президенттик администрациянын уюштуруу иштери жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнүн мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу секторунун эксперти.

2008 - Президенттик администрациянын уюштуруу иштери жана мамлекеттик администрация саясаты бөлүмүнүн уюштуруу-контролдоо иштери секторунун эксперти.

 2008-2009 - Президенттин Администрациясынын Уюштуруу иштери жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору.

2010 - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы.

2010-жылдын декабры - 2011-жылдын декабры - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иш жана аймактык башкаруу бөлүмүнүн инспектору.

2011-жылдын декабрь айынан 2015-жылдын апрелине чейин - Кыргыз Республикасынын Президентинин жардамчысы.

29-апрелде президенттин жарлыгы менен Улукбек Марипов Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды.

2016-жылдын март айынан баштап, Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын төрагасы.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Деркенбаев Тилекбек.
Улук мырза ошол жерди кайра кайтарып алсак болобу? болсо кантип алсак болот?