"Жолчырак" көмүр кенин басып алууга шектелген Ош облустук прокуратурасынын кызматкери Улукбек Өмүрзаков 20 миллион зынды төлөгөн эмес. Бул тууралуу Назгүл Сүйүнбаева 24.кг агенттигине билдирген.
Анын айтымында, 20 миллион сом зыянды ишке катыштыгы бар деген Шермат Кутман уулу төлөгөн.
"Бул иш боюнча айыпталуучулардын бардыгы бирдей позицияда турушат, бирок Улукбек Өмүрзаков гана бошотулган. Башка айыпталуучулар эмне үчүн бошотулбай жатканы белгисиз. УКМК келтирилген зыяндын ордун Улукбек Өмүрзаков толтургандыгы жөнүндө маалымат таркатып, ал тергөө менен келишим түзгөн имиш. Бул андай эмес. Башка айыпталуучулардын баары абакта отурат", - деди Назгүл Сүйүнбаева.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн