УКМК Ош облустук прокуратурасынын кызматкери Улукбек Өмүрзаковго карата кылмыш ишин токтотту. Бул тууралуу 24.кг агенттиги билдирди.
Маалыматка караганда, тергөөдө Өмүрзаковдун кылмыш ишке барганы аныкталган эмес.
"Башка айыпталуучуларга козголгон иш азырынча Башкы прокуратурада каралууда . Көзөмөлдөөчү орган процессти кайсы сотко жөнөтүүнү чечиши керек. Жолчырак көмүр кенин мыйзамсыз иштетүү фактысы боюнча УКМК дагы сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүп жатканы белгилүү болду. Алдын ала маалыматтар боюнча, карьер тиешелүү лицензиясыз иштетилген",- деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, 2020-жылдын ноябрь айында Жолчырак көмүр кенин рейдерлик менен басып алууга шектелип Улукбек Өмүрзаков кармалган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн