Тогуздун айы 22, 2024
Убакыт: 12:29
USD
85.35
85.85
EUR
92.00
93.00
RUB
0.878
0.910

Улукман Мамытов, эксперт: “Биз ЕАЭБге мүчө болбосок, мунайга карата баа бир топ кымбаттамак”

14.10.2024 11:26
301
Улукман Мамытов, эксперт: “Биз ЕАЭБге мүчө болбосок, мунайга карата баа бир топ кымбаттамак”


- Азыркы учурда дүйнөлүк экономикада мунайдын орду жана биздин өлкөбүзгө тийгизген таасири тууралуу кандай ойдосуз?


- Дүйнөлүк экономикада мунайдын орду чоң, негизги орунду ээлейт эмеспи. Андан бир гана күйүүчү май эмес, башка да көптөгөн продукциялар өндүрүлгөндүктөн, бүгүнкү күнгө чейин таасирин жоготпой келет. Мунай тууралуу сөз болгондо керектөөчүлөр жана экспорттоочулар ичинде мамлекеттер экиге бөлүнөт. Экөөнүн кызыкчылыгы бири-бирине карама-каршы келет. Бири арзан алгысы келсе, экинчиси кымбат сатууну көздөйт. Мунун айланасында дайыма кызыкчылыктар кагылышат. Экологиялык маселелер, коомдогу көз караштардын өзгөрүшү менен мунай продукцияларын башка булактардан өндүрүү маселелери көп айтыла баштады. Муну менен катар эле дүйнөдөгү геосаясый абалдан улам мунай продуктуларын экспорттоо бир гана доллар менен эмес, башка валюталарда жүрсө, доллардын кунунун түшүшүнө жана жалпысынан эле дүйнөлүк экономикага чоң таасирин тийгизет. Мунай продукциялары, ошол эле күйүүчү майды сатып алууда Кыргызстан үчүн жакшы бир мүмкүнчүлүк бар. Ал – биздин ЕАЭБге мүчө болгондугубуз. Болбосо баа азыркыдан бир топ жогору көтөрүлүп кетмек.  


Булак: "Азия Ньюс" гезити

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн