Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын муфтийи Замир кары Ракиев бачабаздык тууралуу эскертти.
Муфтий бачабаздык улутту жок кыла турган бузуку иш экенин белгилеп, бардык диндерде жек көрүлгөн нерсе экенин билдирди.
"Бачабаздык – бул улуттун уңгусуна доо кетире турган өтө ыплас иш. Ал бардык диндер тарабынан четке кагылып жек көрүлгөн.
Аларга келген балээ бүтүндөй элге келет.
Бир туугандарым, алар дагы адашып жүрөт аларды жумшактык менен чыныгы жашоого кайтарууга аракет кылалы",- деди Муфтий.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн