Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 13:55
USD
86.50
86.85
EUR
90.50
91.50
RUB
0.830
0.875

Улуттук Банк 100 миң сомго чейинки насыяны жубайынын макулдугусуз алууга уруксат берүүнү сунуштады

18.06.2024 12:45
897
Улуттук Банк 100 миң сомго чейинки насыяны жубайынын макулдугусуз алууга уруксат берүүнү сунуштады


Улуттук Банк 100 миң сомго чейинки насыяны жубайынын макулдугусуз алууга уруксат берүүнү сунуштады. Документ башкы банктын сайтына жайгаштырылган.


Буга чейин 50 миң сомдон ашык насыя алганда аялынын/күйөөсүнүн макулдугу талап кылынчу. Учурда бул суммага чейинки насыялар күрөөсүз берилгендиктен сумманы 100 миң сомго чейин чыгаруу максатталууда.


"Учурда кардардын жолдошунун/жубайынын кредит алууга макулдугу 50 000 сомдон жогорку суммада талап кылынат. Мында кредиттөө системасын өнүктүрүүгө жана оптималдаштырууга байланыштуу, анын ичинде кредиттерди берүүдө автоматташтырылган системалар колдонулуп жаткандыктан кардардын жолдошунан/жубайынан макулдук алынуучу кредиттердин суммасын көбөйтүү зарылчылыгы келип чыгууда", — деп жазылат маалыматта.


Чектөө жубайлардын биринин күнөөсү менен үй-бүлө финансылык оор абалга кабылган учурларды токтотууга багытталганы кошумчаланды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн