Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы бир жумада төртүнчү интервенцияны жасады. Бул тууралуу Улуттук банктан билдирди.
Маалыматка ылайык, Улуттук банк 12-ноябрь күнү 26,8 миллион доллар, 16-ноябрда 22,4 миллион доллар, 17-ноябрда 500 миң доллар, 18- ноябрда 1,3 миллион доллар жана 19-ноябрда 3 миллион доллар сатууга чыгарган.
Ушуну менен бир айда беш жолу, бир жумада төрт жолу интервенция жасалды. Жалпы 2020-жылга карата азырынча 20 жолу интервенция жасалган.
АКШ долларынын Улуттук банк көрсөткөн курсу боюнча сатуу 84,77 ал эми сатып алуу 84,9.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн