Улуттук банк 1-февралдан тартып ички рынокто аффинаждалган алтын куймаларын сата баштады. Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматы кабарлады.
"Кыргызалтын" тарабынан жасалган куймалардагы алтындын курамы 99,95% кем эмес. Салмагы 10,9 килограммдан 13,4 килограммга чейин.
Ар бир аффинаждалган алтын куймага өзүнчө баа белгиленет. Улуттук банк аларды кайра сатып албайт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн