Тогуздун айы 18, 2024
Убакыт: 22:28
USD
85.35
85.85
EUR
92.20
93.20
RUB
0.870
0.910

Улуттук банк I чейректин жыйынтыгы боюнча акча которуулардын кыскарганын билдирди

29.05.2022 11:34
1098
Улуттук банк I чейректин жыйынтыгы боюнча акча которуулардын кыскарганын билдирди


2022-жылдын биринчи чейрегинде эл аралык акча которуу системалары аркылуу келип түшкөн которуулардын жалпы саны 2 миллион 579,7 миң транзакцияны түзүп, жалпы суммасы 45,9 миллиард сомду түзгөн. Бул тууралуу Улуттук банктын маалыматында айтылат.


Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу көрсөткүчтөр 2,8% жана 5,6% азайган.


Кыргызстандан которуулардын саны 205,5 миң транзакцияны түзүп, жалпы суммасы 13,3 млрд сомду түзгөн. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу көрсөткүчтөр 6,4% жана 4,8%га азайган.


Кыргызстандын аймактарында которулган жана өлкөдөн которулган трансферттеринин көлөмү боюнча эң чоң үлүш Бишкек шаарына туура келген: өлкөгө которуулардын жалпы көлөмүнүн 42,6% жана өлкөдөн которуулардын трансферттеринин жалпы көлөмүнүн 65,9%ы.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн