Тогуздун айы 18, 2024
Убакыт: 22:22
USD
85.35
85.85
EUR
92.20
93.20
RUB
0.870
0.910

Улуттук банк Кыргызстанга акча которуу жана жөнөтүүдө өзгөртүү киргизди

19.04.2022 09:27
1285
Улуттук банк Кыргызстанга акча которуу жана жөнөтүүдө өзгөртүү киргизди

Кыргызстанда акча которуулар системасы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерине убактылуу өзгөртүүлөр киргизилди, - деп айтылат Улуттук банктын расмий сайтында.


Маалыматка ылайык, Кыргызстандын аймагындагы төлөм системалары штаттык режимде иштеп жатат. Ошол эле учурда, КРнын экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу жана ички валюта рыногундагы кырдаалды турукташтыруу максатында, Улуттук банк КРнын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 15-июлундагы № 30/6 токтому менен бекитилген Кыргызстанда акча которуулар системасы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерине өзгөртүүлөрдү кабыл алды.


Өзгөртүүлөр убактылуу мүнөзгө ээ жана Кыргыз Республикасынын аймагына эл аралык акча которуу системасы боюнча которулган акчанын валютасына карата талаптарды белгилейт. Акча которууну жөнөтүүчү өлкөнүн валютасында алса болот. Которулган акчаны башка валютага конвертациялоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. Которулган акчаны алып /жөнөтүп жаткан учурда ал Кыргыз Республикасынын аймагында турган алуучунун/жөнөтүүчүнүн макулдугу менен нак эмес ыкма менен конвертацияланышы мүмкүн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн