Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 14:10
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Улуттук банк MegaCom компаниясын сатып алышы мүмкүн

17.08.2021 14:48
537
Улуттук банк MegaCom компаниясын сатып алышы мүмкүн

КРнын Инвестиция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Мирлан Бакиров «Кабар» агенттигиндеги маалымат жыйынында Жогорку Кеңеш MegaComду («Альфа Телеком» ЖАК) менчиктештирүү программасына киргизүүгө макул болгонун билдирди.


Анын айтымында, азыркы учурда компанияны инвентаризацилоо процедурасы жүрүп жатат. Жакында атайын комиссия түзүлөт.


«2019-жылы MegaComдун баасы 19 млрд сомго бааланган, кийин ал 14 млрдга түшкөн. Бирок, сатып алуучу чыккан эмес. Ушуга байланыштуу министрлер кабинети компанияны кайрадан толук баалоо тапшырмасын берди»,-деди ал.


ММБФ төрагасы MegaComду Улуттук банк тарабынан сатып алуу каралып жатканын белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн