Улуу Ата Мекендик согуштун 80 жылдыгына арналган күмүш тыйындар чыгарылат. Бул тууралуу Улуттук банктын эксперттик бөлүмүнүн башкы адиси Жоомарт Кусеинов радиолордун бирине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, "Улуу Жеңишке – 80 жыл" аталышындагы тыйындар 10 сом номиналында чыгарылат. "Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар" жана "Тушоо кесүү" аталышындагы күмүш тыйындары чыгарылат. Булардын да номиналы 10 сом болот.
"Улуу Жеңишке арналган тыйындар төртүнчү ирет чыгарып жатат. Буга чейин 2005-жылы “Улуу Жеңишке-60 жыл”, 2015-жылы “Улуу Жеңишке-70 жыл” жана “Улуу Жеңишке-75 жыл” деп 2020-жылы чыгарылган. Тыйындар үстүбүздөгү жылдын апрель айынын аягында жеткиликтүү болот. Нумизматикалык тыйындарды Улуттук банктын кассасынан сатып алууга болот”,-деди ал.
Ошондой эле Кусеинов кошумчалагандай, тыйындын наркы чыгарылган күнү белгилүү болот.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн