Бугу 20, 2024
Убакыт: 17:01
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Улуттук банк: Валюта рыногундагы кырдаал салыштырмалуу туруктуу

01.08.2023 12:22
542
Улуттук банк: Валюта рыногундагы кырдаал салыштырмалуу туруктуу


Валюта рыногундагы кырдаал салыштырмалуу туруктуу бойдон калууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева билдирди.

Анын айтымында, жыл башынан тарта 1-августка чейин АКШ долларынын сомго карата расмий курсу 2,37 пайызга өскөн. Бүгүнкү күндө доллардын курсу 87,70 сомду түзөт.

“2023-жылдын башынан 28-июлга чейин алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн текшилөө максатында Улуттук банк 10 жолу интервенция жүргүзүп, рынокто 500 млн доллар сатты. Өткөн жылы курстун динамикасы да салыштырмалуу туруктуу болгон. Былтыр Улуттук банк 486 млн АКШ доллары суммасында чет өлкө валютасын сатуу боюнча 8 интервенция жана 190 млн АКШ долларын сатып алуу боюнча 7 интервенция өткөргөн”, - деди ал.

Карабаева белгилегендей, финансылык жөнгө салуучу орган кырдаалды көзөмөлдөп жана экономикалык жана улуттук валютанын курсунун туруктуулугун камсыздоодо.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн