Бугу 17, 2024
Убакыт: 13:46
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Улуттук банк: Жыл башынан бери 8 жолу, баш-аягы 200 млн доллардан ашуун интервенция жасалды

10.04.2020 16:10
1078
Улуттук банк: Жыл башынан бери 8 жолу, баш-аягы 200 млн доллардан ашуун интервенция жасалды


Үстүбүздөгү жылдын башынан тартып 10-апреге чейин Кыргызстанда АКШ долларынын расмий курсу 11,92 пайызга жогорулады. Бул тууралуу улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева бүгүн, 10-апрелде онлайн брифингде билдирди.

Анын айтымында, 2020-жылдын башынан бери бүгүнкү күнгө чейин улуттук валюта курсунун кескин түрдө серпилүүсүнө жол бербөө үчүн Улуттук банк 8 жолу интервенция жасады. Анын жалпы суммасы 216,9 млн АКШ долларын түздү.

Улуттук банктын эл аралык камдарынын көлөмү жеткиликтүү, тактап айтканда кечээ, 9-апрелге карата 2 млрд 268 млн долларды түзөт. “Кыргызстанда ички валюта рыногунда азыр абал туруктуу”, - деди ал.

Карабаева мындан тышкары өзгөчө абал учурунда керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча электрондук почта же телефондор аркылуу келип түшкөн арыздар каралып жатканын билдирди. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн