Бугу 20, 2024
Убакыт: 15:56
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Улуттук банк акча кармагандан кийин жеке гигиенаны сактоону эскертет

20.03.2020 11:37
877
Улуттук банк акча кармагандан кийин жеке гигиенаны сактоону эскертет


Улуттук банк коронавирус инфекциясынын накталай акча жана башка төлөм каражаттары аркылуу жайылышын алдын алуу максатында, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунуштарына ылайык, банкнотторду жана тыйындарды кармагандан кийин жөнөкөй жеке гигиена эрежелерин сактоо зарылдыгы тууралуу эскертет.


Коронавирус инфекциясы башка вирустар же бактериялар сыяктуу эле, бардык жерде, анын ичинде банкноттордун, тыйындардын, кагаздын, смартфондордун, пластик карталардын жана башка буюмдардын беттеринде болуусу мүмкүн.


"Банкноттор менен тыйындар биринчи кезекте бир колдон экинчи колго өтүп турган төлөм каражаты болуп саналарын эстен чыгарбоо керек. Жөнөкөй жеке гигиена эрежелерин сактоо банкноттор, тыйындар жана башка төлөм каражаттары аркылуу жугушу мүмкүн болгон инфекцияларды таратуу тобокелдигин азайтат", - деп айтылат маалыматта. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн