Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 07:49
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Улуттук банк чек арада жабыркаган 378 адамдын 36 млн сом кредитин кечти

16.05.2023 10:03
1025
Улуттук банк чек арада жабыркаган 378 адамдын 36 млн сом кредитин кечти

Улуттук банк Тажикстандын Кыргызстанга куралдуу кол салуусу учурунда жабыркаган Баткен жана Ош облустарындагы карыз алуучуларга финансы-кредит уюмдары тарабынан көрүлгөн чаралар тууралуу маалымат берди.


Ошентип, үстүбүздөгү жылдын 30-апрелине карата финансы-кредит уюмдарына (мындан ары – ФКУ) 514 карыз алуучу кайрылган, 36,4 млн сом суммасында 378 кредит жоюлуп, 324,3 млн сом суммасында 230 насыя реструктуризацияланган.


Эске салсак, 2022-жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан Кыргызстандын аймагын басып алуу максатында Баткен облусунун жана Ош облусунун Чоң-Алай районунун чек ара заставаларына жана калктуу конуштарына куралдуу кол салган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн